super.kg logo
  Саясат  

Мамлекет башчы "Кыргызстан энергетика көйгөйүн жарык өчүрүү менен чечпеши керек" деди

 

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин бүгүн, 27-октябрда өтүп жаткан жыйынында президент Алмазбек Атамбаев: "Энергетика жаатында жаңыча иш алып баруу зарыл. Жарыкты өчүрбөй, канча керек болсо, ошончо энергетика менен камсыздоо кажет. Биз Бажы биримдигине киргени жатабыз. Кымбат болсо да электр энергиясы болушу шарт. Бизде көмүр көп, аны элге жеткирүү боюнча иш алып баруу керек",- деди. 

Ал эми өлкөдөгү коррупциялык кырдаал жана ММКлардын абалына токтолуп: "Өлкөнүн жүзү үчүн ММКга "ыраазычылык" билдириш керек. Биздин өлкөдөн башка эч бир жерде массалык маалымат каражаттары бийлигин мынчалык каралабайт. Алар "Кыргызстанда баары жаман, коррупция өнүгүп жатат" деп жазышат. Бул өлкөнү жана чындыкты сыйлабагандык",- деп 4,5 жылдын ичинде Кыргызстан коррупция менен күрөшүп келе жатканын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: