super.kg logo
  Саясат  

"Манас" аэропортунда Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы түз каттамдын ачылышы болду

 

Кечээ, 26-октябрда "Манас" аэропортунда Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы Баку-Бишкек-Баку түз каттамынын ачылышы болду. 

Бакудан Бишкек шаарына конгон учакта Азербайжандын министрликтеринин жана ММК өкүлдөрү, ишкерлер келишти. Учакты салттуу түрдө суу салюту менен тосуп алышты. Иш-чарага КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Орудев жана башка расмий өкүлдөр катышты. 

"Эки борбор ортосунда түз рейс ачуу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бишкек — Баку — Бишкек каттамынын транспорттук маанисинен сырткары соода-экономикалык, маданий гуманитардык мааниси чоң. Ал эки мамлекеттин ортосундагы туризмди өнүктүрүүгө шарт түзөт",- деди Сарпашев. Бул тууралуу аэропорттун расмий сайты жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: