Өлкө башчы журналист Сыргак Абдылдаевди Эрдик медалы менен сыйлады
Бүгүн, 27-октябрда президент Алмазбек Атамбаев жарандык милдетин жана кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн белгилүү журналист Сыргак Абдылдаевди Эрдик медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Журналист Сыргак Абдылдаев “Репортёр Бишкек” гезитинде иштеп жаткан учурда ага кол салуу болуп, анын денесинин 22 жерине бычак сайылганы аныкталган. Ал 2009-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда Швециянын Эстерсунд шаарында жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

