super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев түркмөн президентин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 27-октябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Түркмөнстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Гурбангулы Мяликгулыевич!

Улуттук майрам - Түркмөнстандын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташууну чыңдоо жана кыйла кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткандыгын канааттануу менен белгилейм.

Кыргыз-түркмөн өз ара аракеттенишүүсү мындан ары дагы ачыктыктын, өз ара урматтоонун жана конструктивдүү диалогдун маанайында ырааттуу жана ыкчам өнүгөрүнө терең ишенем.

Урматтуу Гурбангулы Мяликгулыевич, сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана сиздин мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, боордош Түркмөнстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: