super.kg logo

Мамлекеттик кызматкер тоо эчкилерин атууга уруксат берүү үчүн 9,5 миң доллар пара алып жатып кармалды

 

Бишкекте пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн текшерүүнүн учурунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган агенттиктеги бөлүмдөрдүн бирин жетектеген кызматкер Бишкек шаарынын жашоочусунан 5 баш Марко Поло тоо эчкисин жана 8 баш Сибирь тоо эчкисин атууга уруксат берүү үчүн пара катары 15 400 доллар өлчөмүндө каражат талап кылган. 

Мындан улам шаардын тургуну ИИМге кайрылып, аталган факт боюнча прокуратура КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

“Талап кылынган паранын ичинен 9500 доллар өлчөмүндөгү каражатты берүү ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана прокуратура кызматкерлеринин көзөмөлүндө болду. Муну байкап калган бөлүм башчы мыйзамдуу талаптарды аткарбай, батиринин эшигин жаап алган. Шектүү адам далилдерди жок кылууга жетишип, акча каражатын өрттөп жаткан жеринен батирге 4-кабаттын балкону аркылуу кирген укук коргоо органынын кызматкерлери тарабынан кармалды” деп айтылат мекеменин маалыматында.

Ошондой эле тинтүү учурунда кармалган адамдын үйүнөн Калашников автоматынын 7,62 калибрлүү 27 даана ок-дарысы, 39 миң доллардан ашуун жана 10 миң евро акча каражаты, жаныбарларды атууга уруксат берүүчү 10 даана бланк табылды. Учурда бөлүм башчы камакка алынды жана иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
27.10.2014. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындайларды ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 28.10.2014 09:27
27.10.2014. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ушулардын еле ушунча байлыгы болсо минист депутаттарды кандай элестетсе болот))))
27.10.2014. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ааааа миллионерго)
28.10.2014. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармаган адамдар жыргады да,акчасы коп экен оной эле кутулуп кетет.
28.10.2014. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойбогон алкымын ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 28.10.2014 09:27
28.10.2014. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bek007, emirhan09 - эскертүү!
Коомдук этиканы сактап, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болсоңор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: