super.kg logo
  Саясат  

Төрага: "Ачык-айкын шайлоолорду камсыздоо жаатында мыйзам ченемдерин өркүндөтүүгө өзгөчө маани берүү керек"

 

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин бүгүн, 27-октябрда өтүп жаткан жыйынында парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков: Бүгүнкү күндө шайлоочулардын жана эл аралык демократиялык институттардын дооматтарын пайда кылбай турган колдонуудагы конституциялык мыйзам боюнча шайлоо өткөрүү үчүн бардык укуктук негиздер жана механизмдер бар”,- деп билдирди.

Жээнбеков “кир” технологияларга жол бербөө менен ачык-айкын шайлоолорду камсыздоо жаатында шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин өркүндөтүүгө өзгөчө маани берүү керектигин айтты.

“Ошондуктан шайлоочулардын тизмесин так түзүү, добуш берүүлөрдүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү, добуш берүүлөрдү эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу үчүн жаңы шайлоо технологияларын шайлоо процессине киргизүү аракетин толук колдойбуз. Шайлоо мыйзамдарына карата жогоруда айтылган бардык механизмдерди колдонуу мындан ары саясий күрөштүн таза эмес жолдоруна бөгөт коюуга, шайлоолорду ачык-айкын жана адилеттүү өткөрүүгө, эң башкысы, мамлекетибиздин жарандарынын өз оюн эркин билдирүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга өбөлгө түзөрүнөн шек жок”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: