Бишкектеги дзюдо боюнча мелдеште жеңүүчүлөр аныкталды





Борбор калаада дзюдо боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу 27-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Мелдештин жыйынтыгы боюнча 46 килограмм салмакта тажикстандык спортчу Мухаммадризо Куватов жеңүүчү аталды. 50 килограмм салмакта бишкектик спортчу Азирет Асылбеков, 55 килограмм – Довуд Шарипов (Тажикстан), 60 килограмм – Акылбек уулу Асман, 66 килограмм - Эрлан Салатов, 73 килограмм - Болот Канатбеков, 81 килограмм – Ализбек Сабиров, 90 килограмм – Эламан Генжебаев, 99 килограммдан жогору салмакта Талантбек уулу Эрлан жеңишти өңөрүп кетишти. Мелдешке жалпысынан 150 спортчу катышып, жеңүүчүлөр сыйлуу белектер жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Өспүрүмдөр арасындагы биринчилик 15-17 жаш куракта жана 46, 50, 55, 60, 66, 73, 81, 90 килограммдан жогорку салмакта өттү. Иш-чара Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.