Айыл чарба министрлиги: Төө буурчактын баасынын арзан болушуна ортомчулар күнөөлүү
Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Таласка иш сапары менен барып, төө буурчак өндүрүүчүлөр жана аны сатып алуучулар менен жолугушту. Дыйкандар төө буурчактын азыркы баасына нааразы. Аталган министрлик баалар боюнча буларды билдирет:
Автор: Автандил Добулбеков
"Былтыркы жылдын аягында төө буурчактын баасы 74 сомдон башталып 100 сомго чейин чыкса, 2014-жылдын январь айынан мартка чейин 100-115 сомго чейин сатылып алынган. Март айынын ортосунда баа 60-65 сомго түшкөн. Жергиликтүү тургундар төө буурчактын баасы быйыл да былтыркыдай болот деген ишенимде болушкан. Мониторинг көрсөткөндөй, төө буурчак сатып алуучу ири компаниялар азыр көмүскөдө иш жүргүзүүдө. Ошол ири компаниялардын ортомчулары аркылуу түшүм арзан баада сатылып алынып жатканы белгилүү болду".
Учурда тазаланган төө буурчак 63-65 сомдон, комбайндан кийинки түшүм 58 сомдон сатылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

