Бишкекте “Согуш курмандыктардын көзү менен” аталышындагы көргөзмө ачылат

4-ноябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Согуш курмандыктардын көзү менен” аталышындагы көргөзмө ачылат. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.
Көргөзмө Эл аралык Кызыл Ай коомунун комитети жана Женева конвенциясынын 150 жылдыгына арналып, анда швейцариялык фотограф Жан Мордун куралдуу чыр-чатактан жапа чеккен адамдардын азабы чагылдырылган эмгектери коюлат. Көбүнчө Палестина, Кипр жана Африкадагы окуялар орун алат. Ошондой эле Иран, Пакистан, Никарагуадагы согушту башынан кечирген адамдардын көйгөйү көрсөтүлөт.
Автор: Динара Абдыкадырова
Жан Мор - өзүнүн эмгектеринде катуулукту жана сезимталдыкты, эмоцияны жана ойду, искусство жана документалдуулукту чеберчилик менен жеткирген мыкты сүрөтчү. Анын 80ден ашуун көргөзмөсү дүйнө жүзүндө көрсөтүлгөн.
Көргөзмө 14-ноябрга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.