super.kg logo
  Спорт  

Активист: "Кыргызстандын Таэквондо ассоциациясын криминалга аралашкандар башкарып жатышат"

 
Бүгүн, 28-октябрда таэквондо спорту менен алектенген спорт ишмерлери, таэквондочулар, машыктыруучулар жана бул спорт түрүнө барган балдардын ата-энелери КРнын Таэквондо ассоциациясынын жетекчилигинин ишине нааразычылыктарын айтып чыгышты. Алар чара көрүү үчүн маалымат жыйынынын жүрүшүндө өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге, Башкы прокуратурага, УКМКнын жетекчисине, Олимпиада комитетине, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине кайрылышты. 
"Мына, жакында президент Алмазбек Атамбаев спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү кылмыш дүйнөсүнө аралашып жатканын, муну токтотуу керектигин айтты. Биз айтат элек, Таэквондо ассоциациясын Алексей Пак башкарып келет. Ал ЖКнын депутаты Роман Шиндин көмөгү астында спортту өнүктүрүүдөн башка бардык иштерди кылып, баш аламандык кылып жатат. Буга чейин кримдүйнөгө аралашып жүргөн жарандар башкарып жатышат. Булар кантип биздин балдарга тарбия беришет? Буга чара көрүүнү суранам",- деди спорт чебери Айбек Исмаилов. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: