super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу: "Мага чабуул койгон "голубойлорду" эми нормалдуу түскө айландырам!"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу анын ысымы менен сайт ачкан трансген, бисексуал, гей жана лесбиянкалардын бирикмесин сотко берет. Депутат бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, гейлердин бирикмелери ага катуу чабуул жасашууда. “Булар мага согуш жарыялашты, мен коркпойм, согушту кабыл алам. Эми "көк түстөгүлөрдү" нормалдуу түскө айландырам. Булардын мага каршы чабуул жасап жатканынын себеби - парламент гейлерди үгүттөөгө каршы мыйзам иштеп жатат. Ага жалгыз эле мен демилгечи эмесмин, менден башка дагы 23 депутат бар, бирок мага катуу каршы чыгышууда. Мен өзүмдүн атымды мыйзам чегинде коргоп, тиешелүү органдарга кайрылып, аларды сот жообуна тарттырам”,- деди депутат.   

Айта кетсек, өлкөдөгү гейлер уюму bakiruulu.com деген сайт ачып, анын башкы бетине гейлердин сүрөттөрүн илишкени белгилүү болду.  

Эске салсак, парламент депутаттары гейлерди пропагандалоого тыюу салуучу мыйзам долбоорун 15-октябрдагы жыйынында 1-окууда кабыл алышкан. Максаты - салттуу эмес жыныстык мамилелерди пропагандалоону чектөө жана кыргыз коомунун салттуу үй-бүлөлүк, адамдык, адептик, тарыхый баалуулуктарын коргоо жана сактоо.

Мыйзам долбоору коомдо гомосексуалдык мамилелерди үгүттөп-жайылтууга жана "гомосексуалдык жашоо ыңгайын" өзгөчө жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында насыяттоого жол бербөөгө мыйзамдык негиз берет. Ошондой эле салттуу эмес сексуалдык мамилелерди жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернетти колдонуу менен жайылтып, жарыялаган жактарга 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып пул салынат же 6 айдан 1 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: