Бермет Турсункулова билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды

Бермет Турсункулова Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 28-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчынын башка жарлыгы менен Назаркул Ишекеев билим берүү жана илим министринин орун басарлык кызматынан бошотулду.
Б.Турсункулова буга чейин Борбордук Азиядагы Америка университетинин академиялык маселелер боюнча вице-президенти болуп иштеп келген. Кыргыз, орус, англис тилдеринде сүйлөй алат. Саясий илимдердин кандидаты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

