super.kg logo

Бишкекте окумуштуу Галилео Галилейдин 450 жылдыгына арналган галилео окуусу өткөрүлөт

 

1-октябрда Бишкектеги Улуттук китепканада “Галилеодон бүгүнкү күнгө чейинки физиканын жана физикалык билимдин өнүгүшү” аттуу республикалык галилео окуусу өткөрүлөт. Аталган китепканадан билдиришкендей, иш-чара италиялык улуу окумуштуу, физик Галилео Галилейдин 450 жылдыгына арналып, заманбап физика жана физикалык билим боюнча актуалдуу көйгөйлөр талкууланат.

Галилео Галилей 1564-жылы 15-февралда Пиза шаарында туулган. Ал Аристотель, Евклид, Архимеддин эмгектеринен таалим алган. Металл куймаларынын курамын тез аныктоо жана фигуранын оордук борбору жөнүндөгү геометриялык изилдөөлөр үчүн гидростатистикалык тараза жасаган. 1589-жылы Пизадагы, 1592-жылы Падуя математикалык кафедраларын жетектеп, илимий иш жүргүзгөн. 1690-жылы чоңойткуч оптикалык түтүк телескопту биринчи жолу өзү жасап, Айга багыттап, улуу ачылыштарга жол салган. Айдын бети тегиз эместигин, анда тоолор, өрөөндөр бар экендигин байкап, алардын бийиктигин өлчөп, Айдын жерге окшош экендигин далилдеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: