Бишкектеги турак үйлөрдүн биринен пенсионердин жансыз денеси табылды
Бишкектеги Месарош көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен пенсионердин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ 29-октябрда Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери ӨКМнын куткаруучуларынан Месарош көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин эшигин ачып берүүнү суранышкан. Себеби үй ээси бир нече күндөн бери сыртка чыкпай калган. Аталган дарекке келген куткаруучулар эшикти ачып, пенсионердин жансыз денесин табышкан. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.