super.kg logo

“Эне-Сай кыргыздары” аттуу көргөзмөдө байыркы маданиятты баяндаган экспонаттар коюлду

 
Барсбек.
Ат жабдыктарына тийиштүү буюмдар.
Ат жабдыктарына тийиштүү буюмдар.
Кытайдан алынып келинген буюмдар.
Кытайдан алынып келинген буюмдар.
Кытайдан алынып келинген буюмдар.
Кооздук үчүн колдонулган буюмдар.
Кол өнөрчүлүккө керектелген буюмдар.
Жер казуу иштерине колдонулган буюмдар.
Кыргыздардын согуш куралдары.
Кыргыздардын согуш куралдары.
Колго жасалган кумуралар.
Чөйчөк.
Өлүктүн сөөктөрү сакталуучу табыт.
Өлүктүн сөөктөрү сакталуучу табыт.
Өлүктүн сөөктөрү сакталуучу табыт.
Тыйындар.
Эркек кишинин башын сүрөттөгөн түтүкчөлөр.
Эне-Сайдагы кыргыздардын жазуусу.

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде “Эне-Сай кыргыздары” аттуу көргөзмөнүн бет ачар аземи болду. Көргөзмөгө Н.М.Мартьянов атындагы Минусинк (Миң-Суу) аймак таануу музейинде сакталып келген эне-сайлык кыргыздардын тарыхый буюм-тайымдары коюлду.

Иш-чарга КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Каныбек Иманалиев жана башка бийлик өкүлдөрү, студенттер катышты.

Көргөзмөдө тарыхый эрте мезгилдеги эне-сайлык кыргыздардын турмушун (II – V к.к.), Эне-Сайдагы кыргыз мамлекетинин пайда болуусун жана анын Барсбек ажо баштаган көз карандысыздык үчүн күрөшүн (VI–VIII к.к.), “Улуу кыргыз дөөлөтүн” (IX – X к.к.), монгол жапырыгы жана андан кийинки мезгилди, ошондой эле алардын ошол мезгил аралыгындагы маданиятын баяндаган экспонаттар коюлду.

Маданий баалуулуктарынын арасынан кыргыздардын түрктөр, монголдор, уйгурлар жана башкалар менен согушканда пайдаланган кылыч, канжар, жебе сындуу куралдарын көрүүгө болот. Ошону менен катар көргөзмөдө кемерлер, тыйындар, идиш-аяктар, кытай усталарына таандык кулпулар, чеберчилик менен жасалган тегерек үзөңгүлөр, ооздуктар орун алды.

Эльвира Сариева өз сөзүндө: “Кыргыздар - Борбор Азиядагы байыркы түрк тилдүү элдердин бири. Азыркы Кыргызстанга отурукташып, мамлекеттүүлүккө ээ болгонго чейин биздин ата-бабаларыбыз узак жана оор жолду басып өтүшкөн. Окумуштуулар тарабынан даярдалган бул көргөзмө өсүп келе жаткан муунга ата-тегибизди таанууга мүмкүнчүлүк түзөт”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: