"Спортчулар Азия оюндарына чейин 2 ай стипендия албай калышкан" деген маалымат чындыкка жатпайт"
"Спортчулар Азия оюндарына чейин 2 ай стипендия албай калышкан" деген маалымат чындыкка жатпайт” деп билдирди бүгүн, 30-октябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорт бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиев.
Анын айтымында, кыргыз спортунда спортчулар стипендияларын убагында албай калган мисалдар көп эле катталат. Бирок бул спорттун эле эмес, жалпы мамлекеттин көйгөйү. “Биз Каржы министрлигинен каражат бөлүнгөндө дароо спортчуларга акчаны которуп беребиз. Акча ашып кетсе 1 ай кечигип берилген мисалдар болушу мүмкүн. Бирок “Азия оюндарынын алдында спортчулар 2 ай стипендиясын албай калышыптыр” деген маалымат чындыкка дал келбейт”,- деп кошумчалады К.Арпачиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.