super.kg logo

Бишкекте Кыргызстандын гербинин 20 жылдыгына арналып флешмоб өткөрүлдү

 

Бүгүн, 31-октябрда Бишкектеги эски аянтта КРнын Мамлекеттик гербинин 20 жылдыгына арналып флешмоб өткөрүлдү. Ага Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы 18 кесиптик лицейдин 1000ге жакын студенти катышты. Алар Кыргызстандын картасы тартылган чийинге тизилишип, гимндин коштоосунда гербди көтөрүштү.

Иш-чаранын максаты жаштарга өлкөнүн башкы символдорунун бири болгон гербди таанытуу, патриоттуулукка үндөө болуп саналат.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргызстандын герби 1994-жылы 14-январда Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. Авторлору: Асейин Абдраев, Садырбек Дубанаев. Мамлекеттик герб ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн ары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат.

Ак шумкар - тоону мекендеген кыргызстандыктардын берешендиги, кыраакылыгы, максат-мүдөөсүнүн бийиктиги, чалкып жаткан Ысык-Көл - табияттын сулуулугу, жашоонун жана күч-кубаттын символу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.10.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsinar,bar bolgula!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: