super.kg logo

Бишкекте кыргыз милициясынын 90 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди

 
Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында кыргыз милициясынын 90 жылдык мааракеси белгиленди.
Салтанаттуу иш-чарада КРнын Ички иштер министрлигинин башчысы Мелис Турганбаев, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов катышты.
Милиция кызматынын ардагерлери
Иш-чаранын жүрүшүндө атайын даярдалган тасма көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө атайын даярдалган тасма көрсөтүлдү.
Милициянын ардагерлери
Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында кыргыз милициясынын 90 жылдык мааракеси белгиленди. Салтанаттуу иш-чарада КРнын Ички иштери министри Мелис Турганбаев, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Бишкектин шаардык прокуратурасы жана УКМКнын шаардык жетекчилиги укук коргоочуларга куттуктоо сөздөрүн айтып, мыкты милиционерлерди медалдар жана баалуу белектер менен сыйлашты. 
М.Турганбаев өз сөзүндө милиция кызматкерлерин куттуктап, төмөнкүлөрдү айтты: "Биздин кызматыбыз кооптуу жана татаал. Элибиздин тынчтыгын сактоого умтулуп, өз саламаттыгыбызды жана айрым учурларда жашоолорубузду тобокелге салабыз. Күндөн-күнгө биз элибизге жакын болуп жатабыз. Буга ар бириңер өз салымыңарды коштуңар".
Мэр К.Кулматов шаардыктардын коопсуздугун коргогон милиция кызматкерлери күнү-түнү өз ден соолуктарын аябай иштегенине ыраазы. "Силердин жумушуңар айрым учурларда байкалбай, туура баа берилбей калат. Буга карабастан коом тарабынан силерге ишенич жогорулап жатат",- деди ал.
Эскерте кетсек, 1924-жылдын 1-ноябрында Кара-Кыргыз автономдуу облусунда Башкы облустук милиция башкармалыгы түзүлгөн. Ал учурда Кыргызстан Орусия империясынын курамында болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: