super.kg logo

Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата борбор калаада иш-чара өттү

 

Бишкекте КРнын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Сот департаментин бүгүнкү мааракеси менен Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Гүлбара Калиева, КРнын Соттор кеңешинин төрагасы, Жогорку Соттун судьясы Жакып Абдырахманов, Сот департаментинин биринчи жетекчиси Акынбек Тилебалиев, USAID жана ИДЛОнун КРдагы сот тутумун бекемдөө боюнча программасынын аймактык директору Фред Хьюстон жана башкалар куттукташты.

Иш-чаранын алкагында салтанаттуу түрдө мамлекеттик органдардын, министрликтердин, мекемелердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, Сот департаментинин кызматкерлери жана ардагерлери дагы сыйлыктар менен сыйланышты.  

Иш-чарага Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын, жергиликтүү соттордун, Жогорку Сотко караштуу Судьяларды окутуу борборунун, Сот департаментинин аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана сот аткаруучулар катышышты.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: