super.kg logo

Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы: "Татыкем театрда 15 жыл иштесе да, кылымга тете иш аткарып кетти"

 
Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы Нуркан Турсунбаев.

Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте сахна ханышасы, театр жана кино жылдызы, айтылуу Соң-Көл чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган кече өтүүдө. Иш-чара алгач Т.Турсунбаеванын эстелигинин астында орун алып, ага арналып ыр окулуп, гүл коюлду. Эскерүү кечесине театр артисттери, маданият кызматкерлери, актрисанын чыгармачылыгын баалаган адамдар, агасы Нуркан Турсунбаев катышты.

Нуркан Турсунбаев: "Мен Татыкемден 4 жаш улуу болсом да, экөөбүз аябай ынак өстүк. Бири-бирибизге жан тартып, жакшы көрчүбүз. Мүнөзү эркектикиндей болчу, айылда жүргөндө атты мыкты чабар эле. Ал театрда болгону 15 жыл иштесе да, кылымга тете иш аткарып кетти. Аз убакыт аралыгында көптөгөн башкы ролдорду жаратты. Быйыл көзү тирүү болсо 70 жашка чыкмак, анын арабызда жоктугуна 33 жыл болду",- деди.

Белгилей кетсек, бул иш-чара Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында уланып, конференция өткөрүлөт. Ошондой эле театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлмөкчү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.10.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ушу кишинин карындашынан башка иши жокпу качан болсо карындашын мактаганы мактаган
31.10.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Таттыбубу эже менен ар бир кыргыз мактанса болот!
04.11.2014. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ibragim864, Туура айтасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: