super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: “Жакынкы эки-үч жыл Кыргызстандын экономикасы үчүн оор мезгил болот”

 

Бүгүн, 31-октябрда өкмөттүн кеңейтилген жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев жакынкы эки-үч жыл Кыргызстандын экономикасы үчүн оор мезгил болорун билдирди.

Анын айтымында, буга бир топ ички жана тышкы себептер бар. “Учурда Европанын экономикасы кыйынчылыктарга туш болууда. Орусияга санкциялар киргизилгендиктен, бул мамлекет да түйшүккө кабылды. Бул көрүнүш Кыргызстанга терс таасирин тийгизүүдө. Мындан тышкары доллардын сомго карата жогорулашы жана күйүүчү майдын кымбатташы таңсыктыкка келтирүүчү ички себептер катары саналууда”,- деди өкмөт башчы.

Андан соң ал өкмөт тарабынан бул маселелерди чечүү үчүн туура чараларды көрүү керек экенин баса белгиледи. “Эгер биздин иш-аракеттерибиз ийгиликтүү ишке ашырылса, өлкө оор мезгилден коркунучсуз өтө алат”,- деп кошумчалады Оторбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: