Ысык-Ата районунда 12 жаштагы эки өспүрүм уурулукка шектелип кармалды
Ысык-Ата районунда 12 жаштагы эки өспүрүм уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 32 жаштагы Венера аттуу айым кайрылган. Анда ал 28-октябрь күнү белгисиз адамдар үйүнөн 25 миң сомдон ашык акча каражатын уурдап кетишкенин айткан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 12 жаштагы эки өспүрүм бала кармалды. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.