super.kg logo
  Спорт  

Ямайканын футбол боюнча курамасынын машыктыруучусу жөө күлүк Усэйн Болтту курама командага чакырды

 

Ямайканын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Винфрид Шефер жөө күлүк, Олимпиада оюндарынын 6 жолку чемпиону Усэйн Болтту курамга чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, машыктыруучу спортчунун карьерасына залакасын тийгизбей турган учурда аны курамда көргүсү келет. “Болттон футбол боюнча курама командага ойноп берүүсүн суранам. Ал бул сунушка көнөт деген үмүтүм бар. 2016-жылы Бразилиядагы Олимпиада бүткөндө Болт футболчуга айланышы мүмкүн”,- дейт ал.  

Дүйнө чемпиондугунда 8 ирет, Олимпиада оюндарында 7 ирет алтын медаль тагынган У.Болт өзү футбол күйөрмандарынын катарын толуктайт. Буга чейин ал тамашалуу түрдө англиялык “Манчестер Юнайтед” клубуна ойноо ниети бар экенин айткан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: