super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Араб координациялык тобунун институттары менен тажрыйба алмашууга кызыкдарбыз"

 

“Кыргызстан өнүгүүнүн өткөөл мезгилин башынан кечирүүдө жана биз Араб координациялык тобунун колдоосуна кызыкдарбыз. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү алкагында республика жагымдуу инвестициялык аянтка айланууда, аны менен катар соода-экономикалык, каржылык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды кеңейтүү келечеги бар",- деди Жоомарт Оторбаев. Премьер-министр мындай пикирин 1-ноябрда Араб координациялык тобунун делегациясын кабыл алууда айтты.  

Тараптар биргелешкен долбоорлор тууралуу пикир алышты. Премьер-министр белгилегендей, бардык долбоорлор тенденцияны эске алуу менен Кыргызстан экономикасынын шарттарына ыңгайлаштырылышы тийиш.

“Биз Араб координациялык тобунун институттары менен тажрыйба-билим алмашууга, техникалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”,- деп кошумчалады Оторбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: