Тыңчылыкка шектелип жаткан Алтынбек Муралиев эки айга камакка алынды

Тыңчылыкка шектелип жаткан Алтынбек Муралиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен бүгүн, 4-ноябрда кабарлашты.
Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган.
Буга чейин “кызматтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында чогултуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев кармалган. Азырынча анын кандай максатта, кайсы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат бергени айтыла элек.
Айта кетсек, Алтынбек Муралиев 1999-2000-жылдары премьер-министр болгон Амангелди Муралиевдин баласы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
mambetov88

04.11.2014. 10:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
атадан кем уул деп ушуну айт
myrza80

04.11.2014. 10:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул тынчылык кылгыдай бизде жашыруун деле эч нерсе калбаса керек,бийлик алмашкан сайын жашыруун нерселерди элге корсотуп жатышат.
noname

04.11.2014. 21:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жашыра турган эчтеке деле жок чындыгында,буткул дуйно жузу билетко бизди
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.