super.kg logo
  Саясат  

"Ошто электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү демилгесин колдойбуз" деди министр Кубанычбек Турдубаев

 
"Ош шаарында электр энергиясын колдонууга чектөө киргизүү – жергиликтүү бийликтин демилгеси. Биз муну колдойбуз",- деди 4-ноябрда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев журналисттер менен жолугушууда. Анын айтымында, мэрия алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. "Биздин оштук кесиптештерибиздин өлкөдөгү кырдаалды түшүнүп, ушундай кадамга барганы кубандырат. Биз мындай демилгени колдойбуз",- дейт министр.
Мындан тышкары ал башка аймактардагы кырдаал тууралуу да пикирин айтты. "Электр энергиясын колдонуунун лимиттери импорттолчу электр энергиясынын көлөмүн эске албай туруп кабыл алынган",- деди Турдубаев.
Эскерте кетсек, 31-октябрда Ош шаарынын аймагындагы жеке менчик турак үйлөрдө саат түнкү 00:00дөн баштап эртең мененки саат 6:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөрү тууралуу Ош мэриясы маалымат тараткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: