super.kg logo
  Саясат  

Саламаттык сактоо министрлигине талапкер: "Түркияда 23 жыл 10 миң доллардан алып иштесем да, жарандыгын алган жокмун"

 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева саламаттык сактоо министрлигине талапкер Талантбек Батыралиевден Түркияда канча айлык алганын кызыгып сурады. 

"Биздеги министрлердин айлыгы канча сом экенин билесизби? Түркияда сиздин айлыгыңыз канча эле, жашырбай айтыңызчы?"- деп сурады депутат. "10 миң доллардан кем эмес айлык акы алчумун. Бул мага жетиштүү болчу. Мен бул жакка акча үчүн келген жокмун, элиме кызмат кылуу үчүн келдим",- деди ал.  

Андан сырткары Түркияда 23 жыл жашап келсе да, ал мамлекеттин жарандыгын албай койгонун кошумчалады. "Мен алган маянам күнүмдүк оокат-ашыма жетпегендиктен кеткем, бирок Түркияда ушунча жыл иштесем да, жарандыгын алган жокмун",- деди Батыралиев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: