Асел Турдалиевага "Билим берүүнүн отличниги", Юлия Руцкаяга "Маданияттын мыкты кызматкери" сыйлыктары тапшырылды





КРнын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиевага "Билим берүүнүн отличниги" наамы тапшырылды. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 4-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Автор: Динара Абдыкадырова
Фото: Интернеттен алынды
"Менин билим берүү жаатында да эмгектенип келатканыма 15 жылдын жүзү болду. Чыгармачылык менен мугалимдик кесипти бирдей алып кетүү абдан оор. Эмгегим бааланып, бул сыйлыктын тапшырылганы өтө жагымдуу болду. Менин даражам дагы бир тепкичке жогорулап, чоң стимул алдым. Буюрса, бир гана искусство тармагына эмес, илим, билим берүү түзүмүнө салым кошуу максатында талыкпай эмгектене бермекчимин",- дейт кубанган Асел Турдалиева.
Кошумчалай кетсек, ырчы Юлия Руцкаяга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылганы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
16

Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги жана кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Жанагы Даир,Салахидиноваларга салыштырып болбойт ИМХО
П.С Же үн,же уккулуктуу бир ыры жок, ырчы имиштерди сыйлаганда уяласың((
Татыктуу эл адамдарын, онорпоз талантууларды эл озу иргеп алат, саны бар сапаты жоктор отходго к