4-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 451 миллион метр кубду түздү

4-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 451 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 26,9 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 181 метр куб болсо, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 218 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 485 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 514 метр кубду түзгөн.
Эске салсак, өткөн жылы 4-ноябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 680 миллион метр кубду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
baiysh0704

04.11.2014. 19:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол ГЭС тен агып чыккан сууларды кайрадан эле чоон чон кубаттуу 20 дай насосторду коюп,сууну артка айдаса болоор беле.Мумкун электр кризисинен чыгып кетмекбиз.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.