super.kg logo

Швейцариялык фотосүрөтчү согушту көргөн адамдардын азабы чагылдырылган эмгектерин көргөзмөгө койду

 
4-ноябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Согуш курмандыктардын көзү менен” аталышындагы көргөзмөнүн бет ачары болду. Көргөзмө Кыргызстандагы Швейцариянын элчилиги менен Эл аралык Кызыл Крест комитетинин ишмердүүлүгүнүн 150 жылдыгына арналат. 
Анда швейцариялык фотосүрөтчү Жан Мордун куралдуу чыр-чатактан жапа чеккен адамдардын азабы чагылдырылган эмгектери коюлду. Көбүнчө Палестина, Кипр жана Африкадагы окуяларда тартылган сүрөттөр орун алган. Ошондой эле Иран, Пакистан, Никарагуадагы согушту башынан кечирген адамдардын көйгөйү көрсөтүлдү. 
Фотосүрөт көргөзмөсү төрт тематика боюнча классификацияланган: "Сүргүндөгү портреттер", "Балдардын диаспорасы", "Убактылуу пейзаждар" жана "Жашоо уланууда".
Жан Мор - сезимдүүлүк менен тактыкты, ой жүгүртүү менен эмоцияны, искусство менен документалдык далилдерди чеберчилик менен айкалыштырган гуманисттик фотосүрөтчүлөрдүн бири. Анын сүрөттөрү өткүр сезгичтиги, жабыркагандардын кадырын урматтаганы менен белгилүү. Сүрөтчүнүн 80ден ашуун көргөзмөсү дүйнө жүзүндө көрсөтүлгөн. Көргөзмө 14-ноябрга чейин уланат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: