Грек-рим күрөшүнөн балбандар жыл ичинде 6 эл аралык машыгуу сборун өткөрүшкөн

Кечээ, 4-ноябрда КРнын Күрөш федерациясы жыл жыйынтыгын чыгарып, өткөн жылга сереп салып, 2015-жылга карата пландарды укту. Анда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев сөз алып, акыркы жылдары жакшы жыйынтыктар болгонун баса белгиледи.
“2013-жылы Казакстанда өткөн Азия чемпиондугуна барып, 2 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль утуп, жалпы командалык эсепте 2-орунду алдык. Ташкентте Дүйнө чемпиондугунда байгелүү орунга илинбей калдык. 2014-жылы Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн 1 коло алдык. Азия оюндарында мен жакшы жыйынтык күткөм, бирок айрым кемчиликтерден улам үмүт акталган жок. Федерацияга ыраазычылык билдирем, быйыл эле чет жерде 6 машыгуу сборун өткөрдүк. 2008-жылы Олимпиадага мен 2 гана мындай сбор менен баргам. Мындай болгон эмес эч убакта, акыркы 2 жылда чет өлкөлөргө көп чыгып жатабыз. Балдар мыкты спорттук калыбында”,- деди К.Бегалиев. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
betman

05.11.2014. 23:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы дагы ийгиликтерди кутобуз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.