super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков саламаттыкты сактоо министрин дайындоонун кечигишин сындады

 

Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков саламаттык сактоо министрин дайындоо боюнча өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев конституциялык норманы бузганын айтып, анын жоопко тартылыш керектигин билдирди. Муну депутат саламаттык сактоо министрлигине Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги каралып жатканда айтты. 

Конституцияга ылайык, министрликке талапкер 5 күндүн ичинде парламентте жактырылып, кызматка дайындалышы керек болчу. Мурдагы министр Динара Сагынбаева кызматтан 24-сентябрда алынган, андан бери 42 күн өттү. Буга эми ким жооп берет? Өкмөтпү же талапкерди сунуштаган фракциябы? Кимдир бирөө жооп бериши керек да. Өкмөт мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылышы керек. Бул иш боюнча прокуратура премьер-министр Жоомарт Оторбаев же вице-премьер-министрлерди жоопко тартышын талап кылам”, - деди Исаков. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: