super.kg logo
  Саясат  

Кылмыш иши козголушу мүмкүн болгон депутат Каныбек Осмоналиев ооруканада

 
Жакында кылмыш иши козголушу мүмкүн экени жарыяланган депутат Каныбек Осмоналиев учурда ооруканада дарыланууда. Муну парламенттин 5-ноябрдагы жыйынында вице-спикер Төрөбай Зулпукаров билдирип, депутаттын ооруканада экенин тастыктаган маалым кат бар экенин айтты. Жыйында депутаттар кесиптештери Каныбек Осмоналиев менен Урмат Аманбаевага кылмыш ишинин ачылышы боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын угууну талап кылышууда. Буга чейин Урмат Аманбаеванын да ооруканада экени айтылган болчу. 
Айта кетсек, депутат Осмоналиев Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча күнөөлөнүүдө. Депутаттын аталган окуу жайдын жетекчилигине студенттерди кабыл алуу боюнча кат жазганы айтылган болчу. Ал эми депутат Аманбаева "коррупция" беренеси менен айыпталууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: