Асия Сасыкбаева ЮСАИДдин эксперттери менен жолугушту

Парламент төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 5-ноябрда ЮСАИДдин Жогорку Кеңешке көмөктөшүү программасынын эксперттери Жон Лис жана Аида Алымбекова менен жолугушту. Вице-спикер аталган программанын алкагында жасалган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, анын Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин, парламент аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин жакшыртуу жаатында кошуп жаткан салымын белгиледи. Депутат мыйзам чыгаруу тармагындагы кызматташтыкты, адам ресурстарын башкаруу, калкты парламенттин иши тууралуу маалымдар кылууну жакшыртуу зарылдыгын билдирди.
Жолугушууда тараптар өкмөт менен бирге иш алып барууну жандандыруу маселесин да талкуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

