Кылычбек Жакыпов экономика министринин орун басары болуп дайындалды



Кылычбек Жакыпов (сүрөттө оңдо) экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 5-ноябрда министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Экономика министри Темир Сариев жаңы орун басарын бүгүн жамаатка тааныштырды. Сариев билдиргендей, К.Жакыпов буга чейин сырткы соода тармагы боюнча "Бирдиктүү терезе" борборунун башчысы болуп иштеп келген. "Жаңы ыкмаларды колдонуп натыйжалуу иштеген",- деп билдирди министр.
Автор: Автандил Добулбеков
Фото: Экономика министрлиги
Өкмөт башчынын жарлыгы менен экономика министринин орун басары Санжар Мукамбетов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулган эле.
К.Жакыпов:
Туулган жылы - 1974-жыл.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку, кесиби - инженер-куруучу (1997-жылы).
2002-жылы КУУнун финансы жана кредит факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 2000-жылы баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

