"Коммерсантъ": "Орусия кыргыз аскери үчүн 1,1 миллиард доллар бөлүүгө даяр"
Орусия кыргыз аскеринин куралдарын жаңылоо үчүн 1,1 миллиард АКШ долларын коротууга даяр экенин "Коммерсантъ" басмасы жазып чыкты. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Шувалов үстүбүздөгү жылдын август айында, ал эми Владимир Путин сентябрь айында Кыргызстанга келген иш сапарында сүйлөшүлгөн. Эми бул тема Алмазбек Атамбаев 14-15-ноябрда Орусияга болгон иш сапарында талкууланарын "Ъ" басмасы билдирди. Кошумчалай кетсек, ушундай эле жардамды Орусия Тажикстанга көрсөтөрү маалым болду.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















