Күрөш федерациясы 2016-жылкы Азия чемпиондугун Кыргызстанда өткөрүү аракетин көрүп жатат
2016-жылы күрөштүн 3 түрү боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү) Азия чемпиондугу Кыргызстанда өтүп калышы мүмкүн. Кыргызстан тараптан берилген арыз учурда каралып жатат. Бул тууралуу КРнын Күрөш федерациясынын вице-президенти Динарбек Асылбек уулу маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
“2016-жыл олимпиадалык жыл катары эсептелинет. Ошол себептүү бизде да Азия чемпиондугун өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат. Биз Азиянын Күрөш федерациясына кат жолдоп, алардын макулдугун алдык. Учурда бул арыз Дүйнөлүк күрөш уюмунда каралып жатат”,- деди ал. Ал кошумчалап өткөндөй, бул Азия биринчилигин өткөрүү боюнча Монголия да аракет көрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.