super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасында орусиялык ЦСКА конокто англиялык “Манчестер Ситини” утуп алды

 

5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү футбол боюнча УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 4-тур оюндары болду. Анда жалпысынан 8 оюн орун алды. Натыйжада көпчүлүк үчүн күтүүсүз жагдай орусиялык ЦСКАнын конокто “Манчестер Ситини” утуп алганы болду. “Манчестер Ситинин” оюнчулары Яя Туре менен Фернандиньо кызыл айып кагазын алып, ЦСКАнын жеңишке жетүүсүн камсыздашты. Андан тышкары “Бавария” менен “Барселона” да жеңишке жетишип, тайпадан биринчи болуп чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздай алышты.  

“E” тайпасы

“Манчестер Сити” (Англия) - ЦСКА (Орусия) – 1:2

Голдор: Сейду Думбия (2-мүнөттө), Яя Туре (8-мүнөттө), Сейду Думбия (34-мүнөттө).

“Бавария” (Германия) – “Рома” (Италия) – 2:0

Голдор: Франк Рибери (38-мүнөттө), Марио Гётце (64-мүнөттө).

“F” тайпасы

ПСЖ (Франция) - АПОЭЛ (Кипр) – 1:0

Гол: Эдинсон Кавани (2-мүнөттө).

“Аякс” (Голландия) – “Барселона” (Испания) – 0:2

Голдор: Лионель Месси (36-мүнөттө), Месси (76-мүнөттө).

“G” тайпасы

“Спортинг” (Португалия) – “Шальке-04” (Германия) – 4:2

Голдор: Ислам Слимани (17-мүнөттө, өз дарбазасына), Мамаду Наби Сарр (26-мүнөттө), Жефферсон (52-мүнөттө), Луиш Нани (72-мүнөттө), Деннис Аого (88-мүнөттө), Ислам Слимани (90-мүнөттө).

“Марибор” (Словения) – “Челси” (Англия) – 1:1

Голдор: Агим Ибраими (50-мүнөттө), Неманья Матич (73-мүнөттө).

“H” тайпасы

“Шахтёр” (Украина) - БАТЭ (Беларусь) – 5:0

Голдор: Дарио Срна (19-мүнөттө), Алекс Тейшейра (48-мүнөттө), Луис Адриано (58-мүнөттө, 83-мүнөттө, 90-мүнөттө).

“Атлетик” (Испания) – “Порту” (Португалия) – 0:2

Голдор: Жексон Мартинес (56-мүнөттө), Ясин Браими (73-мүнөттө). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.11.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Думбия азамат, Натхо да азамат!
06.11.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы оюн болду!Месси озунун милдетин аткардыы!молодец;
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: