Эркингүл Иманкожоева: "Соттолгон адамдарды коштоп күзөтүү департаментинин жалгыз гана автоунаасы калыптыр"
Жазык аткаруу кызматынын Соттолгон адамдарды коштоп күзөтүү департаментинин соттолгон адамдарды ташыган жалгыз гана автоунаасы калыптыр. Бул тууралуу депутат Эркингүл Иманкожоева Жогорку Кеңештин бүгүн, 6-ноябрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, жалгыз автоунаа департаментке жетишсиз.
"Жакында биз өзүбүз барып көрдүк, жалгыз автомашина таптакыр жетишпей жатыптыр. Эгер 5 миллион сом каражат табылса, ага дагы 2 автомашина сатып алууга болот. Өкмөт бул маселени чечип бериши керек. Андан сырткары имараттарын оңдоого да кошумча каражат бөлүнсө жакшы болмок",- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

