Дастан Бекешев министрдин "Кыргызстанда жыл сайын коомдук иштерде 20 миң адам иштейт" дегенине ишенген жок



Бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Кеңеште "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдон "Өлкөдө коомдук иштер бар. Учурда анда канча адам иштейт? Бул маселе кандай абалда?" деп сурады. Буга министр: "Тилекке каршы, коомдук иштер үчүн акы төмөн болгондуктан, жыл сайын 20 миң адам гана иштейт. Эгер мыйзам аркылуу акы көтөрүлсө, коомдук иштерге тартылган калктын саны көбүрөөк болушу күтүлөт",- деп жооп берди.
Мындай жоопко депутат ишенген жок. "20 миң адам иштеши мүмкүн эмес. Көп болсо 200 адам иштешсе керек. Муну такташ үчүн тиешелүү базаны караштырыш керек",- деди эл өкүлү. Мындай сунушка министр макулдугун билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

