Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Басма сөз күнү белгиленди





Бүгүн, 6-ноябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган салтанат болуп өттү. Анда мекеме-уюмдардын жетекчилери, ММК кызматкерлери, студенттер жана болочок журналисттер катышып, университеттин проректору К.Үсөнов үзүрлүү эмгектенген окутуучуларга жана студенттерге Жалал-Абад мамлекеттик университетинин атынан акчалай сыйлыктарды, Ардак грамоталарды тапшырды.
Журналистика кафедрасынын жетекчиси Г.Рыскулова журналисттерди куттуктап, студенттердин окуу акысын төлөөгө жардам берген демөөрчүлөргө ыраазычылык айтып өттү. Иш-чара таланттуу студенттердин ыр-бий өнөрлөрү менен коштолду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:11
2025-07-11

11:22
2025-07-11

10:27
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.