super.kg logo

Бишкекте өлкөдөгү чыгаан сүрөтчүлөрдүн мыкты эмгектери көргөзмөгө коюлду

 

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде КРнын Сүрөтчүлөр союзунун 80 жылдык мааракесине арналган көргөзмөнүн бет ачары орун алды. Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, сүрөтчүлөр, студенттер катышты. Көргөзмөгө өлкөнүн көптөгөн чыгаан сүрөт чеберлеринин живопись, графика, скульптура жана кол өнөрчүлүк боюнча эмгектери коюлду. 

"Мындай чоң көргөзмө да республикадагы бардык сүрөтчүлөрдүн эмгектерин батыра албайт. Эң башкысы, көрүүчүлөр көргөзмөдөн биздин көркөм сүрөт искусство мектеби салтыбызга болгон сый-урмат, эл аралык атак-даңк, гумандуулук, мекенчилдик жана күчтүү жарандык позиция экенин көрө алышат",- деп билдирет аталган музейдин директору Ю.Шыгаев.

КРнын Сүрөтчүлөр союзу мындан 80 жыл мурун, 1934-жылы 16-ноябрда түзүлгөн. Ал эми ошол эле белгиленген жылдын 8-ноябрь күнү биринчи республикалык сүрөт көргөзмөсү ачылган. 1935-жылы 1-январда Эмен багындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясы алгачкы көрүүчүлөрдү кабыл ала баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: