Жылнаама, 7-ноябрь: Мындан 110 жыл мурун акын, жазуучу, драматург, котормочу, публицист, журналист Аалы Токомбаев туулган

1924-жылы "Октябрдын келген кези" аттуу туңгуч ыры "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган. Кийинчерээк "Аялдар айнеги", "Эмгек гүлү", "Атака", "Абалкы ырлар", "Туткун Марат" поэмасы, "Иргелген ырлар", "Тууган эл" ж.б. жыйнактары, "Днестр терең деңизге куят", "Жараланган жүрөк" повесттери жана башка көптөгөн ыр, аңгемелеринин үч томдугу кыргыз тилинде, үч томдугу орусча жарык көргөн. Ыр менен жазылган "Таң алдында" аттуу романы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон.
* Мындан 71 жыл мурун, 1943-жылы мамлекеттик ишмер Насирдин Исанов Ноокат районунун Көк-Бел айылында туулган. Москвадагы инженердик-курулуш институтун, Алматыдагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Эмгек жолун Москва шаарындагы Курулуш башкармалыгында жумушчу болуу менен баштаган. Ош шаарынын Курулуш-монтаждоо башкармалыгында мастер, прораб, аймактын башчысы, башкы инженери, тресттин башкы технологу, партиянын Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, "Нарынгидрострой" курулуш башкармалыгынын парткомунун катчысы, комсомолдун Ош обкомунун биринчи катчысы, КП БКнын курулуш жана шаардык чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башчысы, Кыргыз ССР Курулуш министри, Кыргыз ССР Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Кыргыз ССРинин министри, Эл депутаттарынын Ысык-Көл облустук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Вице-президенти, 1991-жылдын 22-январынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп иштеген. Экономика илимдеринин кандидаты, СССР Инженердик академиясынын академиги. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эл депутаты болуп шайланган. Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалы менен сыйланган. Капиталдык курулуш жана башкаруу системин өркүндөтүү боюнча илимий эмгектердин автору. 1991-жылдын 29-ноябрында автокырсыктан 47 жаш курагында каза болгон.
* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы Бишкектин эски аянтында ошол учурдун президенти Курманбек Бакиевдин жана өкмөттүн отставкасын талап кылган оппозициянын митинги өткөн. Ошол кезде Мурат Суталинов КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы болгон. Бул кызматка жаңы келген Суталинов митингчилерди тынчытуу үчүн аянтка чыккан. Ал күнү митингде колу менен уятсыз ишарат көрсөтүп, сөгүнгөнү элдин эсинде биротоло калган.


* Мындан 7 жыл мурун, 2007-жылы Финляндиянын Туусул шаарчасында Йокел лицейинде Пекка-Эрик Аувинен аттуу 18 жаштагы окуучу тапанча менен келип, окуучуларды аткылаган. Ал 8 кишини (лицейдин директору, медайым жана 6 окуучу) өлтүрүп, өзүн да башка атып каза болгон.
7-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.