super.kg logo

Бишкекте дизайн боюнча чемпиондуктун жеңүүчүлөрү аныкталат

 

8-ноябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде “Дизайн боюнча чемпиондук” аттуу көргөзмөнүн бет ачар аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.

Маалым болгондой, көргөзмөдө жергиликтүү жана эл аралык графикалык дизайн боюнча эмгектер орун алат. Муну менен катар иш-чарада таймаштын жыйынтыгы чыгарылып, чемпион, күмүш, коло сыйлыгынын ээлери аныкталат. Ошондой эле “Таймаштагы мыкты эмгек”, “Калыстар тобунун өзгөчө сыйлыгы”, “Жылдын жылдызы”, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” аталышындагы номинациялар өз ээлерин табышат.

6 жылдан бери уюштурулуп келген таймашка бул жылы 8 мамлекеттен 122 дизайнер ат салышкан. Бул сынактын калыстар тобу тажрыйбалуу жана белгилүү адистерден куралган.

Көргөзмө 14-ноябрга чейин уланат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: