super.kg logo

Жылнаама, 10-ноябрь: Мындан 70 жыл мурун Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев туулган

 
* Мындан 70 жыл мурун, 1944-жылы Кыргыз Республикасынын туңгуч Президенти, академик Аскар Акаев Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Байрак айылында туулган. Аскар Акаев 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз ССРинин Президенти болуп шайланган. Ал эми 1995-жылы 24-декабрда президенттин экинчи мөөнөтүнө шайланып, 2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп жетип, анын натыйжасында ал Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал эми 2005-жылы 5-апрелде өзүнүн президенттик кызматтан кеткени тууралуу расмий арыз жазган.
 
* Мындан 95 жыл мурун, 1919-жылы советтик жана орусиялык курал жасоочу конструктор Михаил Калашников Орусиянын Алтай аймагынын Курья айылында туулган. Көптөгөн чыгаан куралчылардан сабак алып, өзүнүн алгачкы куралдарын иштеп чыгып, бирок колдоо таба албай көпкө кыйналат. Ал ойлоп тапкан куралды саздын баткагына, ылай менен кумга ташташып, күндүн ысыгына куйкалашып оор сыноодон өткөрүшөт. Ага карабай автомат такалбай иштеп кеткен. Ошентип, 1949-жылы АК-47 деген ат менен 7,62 мм калибрдеги Калашников автоматы куралдар арсеналына кабыл алынган. Легендарлуу курал конструктору Михаил Калашников 2013-жылы 23-декабрда 94 жаш курагында каза тапкан. 
* Мындан 29 жыл мурун, 1985-жылы Гарри Каспаров 22 жашында шахмат боюнча "Дүйнө чемпиону" титулун жеңип алган. Гарри Каспаров биринчи жолу дүйнөнүн чемпиондук наамын багындыруу үчүн Анатолий Карпов менен кез келишкен. Ошол кездеги чемпион Карповдун талабы боюнча оюндун эрежеси өзгөртүлүп, беттеш чектелбеген мөөнөттө ойнотулган. Болгону биринчи алты партияны ким утса, ошол жеңүүчү аталмак. Оюндун мындай эрежесине Каспаров каршылыгын билдиргени менен, нааразычылыгынан эч майнап чыккан эмес. Беттеш 1984-жылдын 10-сентябрынан 1985-жылдын 15-февралына чейин созулуп, шахмат тарыхында эң узак созулган беттеш катары тарых барактарына жазылган. Эсеп тактасы 5:3 кезинде оюн ФИДЕнин президенти Флоренсио Кампоманес тарабынан токтотулуп, жеңүүчү болуп эч кимиси аталган эмес. Булардын экинчи жолку кезигишүүсү 1985-жылдын 1-сентябрынан 10-ноябрга чейин уланып, аягында 13:11 эсебинде оюнду Гарри Каспаров жеңип, 22 жашында дүйнөнүн 13-шахмат боюнча чемпиондук наамын багындырган. 
10-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(18)
09.11.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ХХХ ХХХ ХХХ... кыргыздын шоруна туулган экенсин да акаев
Модератор admin_portal түзөттү 10.11.2014 11:05
09.11.2014. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
restreppo, мен да ушуну жазайын деп теманы ачтым эле.Илимпоз катары кыргыз элинин чыгаан адамы,бирок президент катары эмес.
10.11.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
restreppo - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө жол берилбейт.
09.11.2014. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Туулса да туулбаса да кыргызстандын тарыхында тунгуч президент деген аты калды.уй булоосу эле бийликке аралашпаганда менимче жакшы эле президент болду окшойт!!!
09.11.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
А.Акаевди.Куттуктайм дайыма бекем ден соолук каалайм сизди дуйно сыйлайт бар болун
09.11.2014. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Эми Туугандар Акаевди жамандаганга биздин акыбыз жок..эмне президент болуу оной дейсинерби....оор турмушту ханга шылтап конгонубуз баары бир деген чын туура..ар бир жаран Кыргызстанда митингке чыкпай озунун кор турмушун коруп иштесе мамлекет онугот...анан дагы САБР кылыш керек....бизде чыккынчы саясатчыларыбыз коп кана ошолорго ушинтип жазбайсынарбы...Аскар Акаев бул биздин тунгуч президентибиз.
09.11.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Акаев мырза 70ке чыгып калыптырда...
09.11.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Акаевдин акыркы интервьюсун коруп ыйлагым келди негедир )))
10.11.2014. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Бир тууган кыргызым А.Акаевке жаман созунорду токтотсонор менимче аябай жакшы болот бул адам жок болсо биздин акчабыз сомда жок болмок сом жок болгондо журмокпуз орустарга жалдырап рубль которуп Аскар байке сизге узун омур каалайм ар дайым бар болунуз
10.11.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
туулган кунунуз менен. менимче кыргызстанга Аскар Акаевтей призидент келе элек. убагынжа жакшы иштерди кылып кеткен.
10.11.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазат десе жаза берет экен, же ошол кыйынчылык доордун кыйынчылыгын корушкон эмес булар же акча учун, тууган-урук, жердешчилик деп Акаевдин тарабын алып жатат... Азыр Кыргызстанда экономика кыйрап, элдин тен жарымы жокчулуктун айынан орус, казак, турк, корей ж.б. оту менен кирип кулу менен чыгып кул болуп жургонуно Акаев куноолуу, Акаевден кийин эл башкарган Бакиев менен анын командасы да, бугунку президенттен тарта Окмот, ЖКтеги депутат, соттор да, баары Акаевдин шакирттери, болтуруктору!!!
10.11.2014. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
СССРдин нанын жеп, ошол жыргал кундорду коруп калгандар билет Акаев президент болуп жатканда кандай гана олкону колуна алганын, Акаевдин тушунда канчалаган завод-фабрика кыйрады, колхоз-совхоздор жоюлуп трактор-комбайндан тарта мал сарайларга чейин сатылып-бузулуп жок болду, экономиканын негизин биротоло кыйратып анан карыз сурап тилемчи болгонго оттук! Жумушсуз калдык! Айлап-жылдап пенсия-пособия,айлыктар кечиктирилип,ар куну почта чогулуп кечинде ушкуруп таркаган кары ата-энелерди унуттунарбы
10.11.2014. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Акаев жетимиш жаш кут болсун деймин. Отконго саресеп салсак Акаев алгач жакшы кадамдарды таштаган. Ойлон изден тап, озунду озун бак, деп базар экономикасын киргизип берди. Базардын аркасы менен элибиз которулду. Конулчоок адамды кенешчилери, аялы бузду. Жоону чапса эл чапты, аты калды Манаска демекчи, ошол маалда мамлеттик иште иштегендердин итинен битине чейин жешти го. Озумдун эле кичинекей айылымда болгон малды, техниканы бир эле семья болуп алган.
10.11.2014. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ким жок кылды Акаев жок кылды, ким жеди Акаев жеди болуп кала берди. Ошондон калган урандылар азыр деле журот, бирок азыр алар сдпкчы же атамбаевчи, бийликтин так тобосундо олтурушат. ХХХ ХХХ ХХХ... деп коюп, майлуу кызмат колго тийсе бийлик менен колтукташып, анан эле кызматтан кол жууса оппозиция боло калып чычандашып, журушот азыр деле. Качан ушул арзыматтардан арылмайын, ушу сценарий кайталана берет.
Модератор admin_portal түзөттү 11.11.2014 11:15
10.11.2014. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nasi81, Акаев шылуун, алдамчы, эки жуздуу адамдардын заманын алып келди, мына Окмот, ЖК, Жогорку Соттордо канчалаган чиновник отурат, ошонун арасында жардысы, элине пайдасы тийгени бар бекен, ошолордун баары элдин акчасын уурдоо менен, эки жуздуулук, алдоо менен бугунку абалга жетип, дагы ынсап кылдбастан казынаны тоноодо... Базар экономикасынын арты менен эл которулбой жокчулуктун айынан тентип кетти го, жумушка жарамдуу 2-2,5 миллион эл болсо, анын тен жарымы тышка журот жумушсчуздуктун айынан
10.11.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nasi81, Акаев жакшы, анын аялы, уул-кыздары жаман болчу, тегерегиндегилер жаман болуучу деп "умник" айкан, оз пикири жок ээрчимелер ишенген... Акаевдин башкаруусун карасан 1991-жылдын аягында Исанов олтурулуп жатат, 1995-жылы легендарлуу парламент таркатылып Кумтор Кыргызстанда иш баштоодо, 1995, 98,2002 жылдары конституция Акаевдин кызыкчылыгы учун бир канча жолу озгортулуп жер, кен байлыктарын сатууга уруксат берилуудо.. Эл нанга зар болуп турган 1998-жылы Айдар менен Алиянын тоюн ким эстейт?
11.11.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nasi81 - эскертүү!
Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө тыюу салынат.
10.11.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акаев, Бакиев, Атамбаевчи болуп болунгондон пайда жок, Кыргызстандагы коррупциянын пайдубалын туптоп, баары жокту талкалап, элдин 90%ти 10% шылуундардын кызыкчылыгы учун иштоону камсыз кылган Акаев. Бакиев, Атамбаев жана алардын командалары болгону Акаевдин шакирттери, жолун жолдоочулар, улантуучулар!!! Кимде ким ушул элди оор кундорго туртуп бешене тер, коз жашы менен чогулган акчаларын уурдаган бийликтеги шылуундарды колдосо, жугунду учун эл-жерин, намысын сатса мен учун алар "жалпак жожо"..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: