super.kg logo

Жалал-Абадда жолдордогу унаа тыгынды жөнгө салууга багытталган токтомдун аткарылышы каралды

 

Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрдөгү унаа тыгын, коомдук автоунаалардын каттамынан пайда болгон ыңгайсыздыкты жөнгө салуу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт жаратуу максатында кабыл алынган токтомдун аткарылышы жетишерлик деңгээлде болгон эмес. Бул маселенин себебин түшүндүрүп берүү үчүн Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине шаар мэри Салайдин Авазов аппараттык кеңешмеде  кайрылды. Маалыматты 10-ноябрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад ШИИБинин жетекчисинин орун басары Нурдин Жеентаев: “Жол боюна автоунаасын коюп көнүп  калышкан айдоочуларга биздин жол-кайгуул кызматкерлери айып пул салып, документтерин текшерип жатышат. Бирок биздин кызматкерлер кетери менен айдоочулар кайрадан автоунааларын коюп алышууда”,- деп билдирди.

Ал эми шаар мэри: "Унаа коюуга мүмкүн эмес" деген белги турса жана жол-кайгуул кызматкерлери көзөмөлдөп жатса, эмне үчүн борбордук көчөлөрдө ыңгайсыздыктар токтобойт?

Эгерде укук коргоо, прокуратура, сот же дагы башка чоң же кичине кызматта иштеген адамдардын автоунаасы жол эрежесин бузган болсо, жол-кайгуул кызматкерин көзгө илбей автоунаасын токтоткон болсо, алардын аты-жөнүн бизге жана алар иштеген мекеменин жетекчилигине билдирүү керек”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: