super.kg logo

Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

 
Эртең, 11-ноябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү

№37-көп кабаттуу үйдө, Алыкулов, Гагарин көчөлөрүндө трансформаторлорду оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Ал эми Волков, Брестская, 9-январь, Садыгалиев, Очаковская, Вятская, Власов, Кудрук, Манас, Күрөңкеев, Ташкент, Бакаев, Алтымышев, Мурманск, Кустанайский, Кайназарова, Урицкий көчөлөрүнө, Долон, Офицер, Тажик, Январск, Туюк, Партизан, Гатчинск тар көчөлөрүнө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кайырма, Ак-Дөбө, Лебединовка (Городок энергетиков №4, 6-9, 12-үйүндө, Садовая, Мичурин, Комсомол көчөсү, Жеңиш чоң көчөсү), Аламүдүн (Алматы, Панфилов, Иваницин, Набережная көчөлөрү, Чүй тар көчөсү), Таш-Мойнок, Арашан, Горная Маевка, Кой-Таш, Прохладное, Көк-Жар (Кыял, Майрам, Карагул Акмат, Мадиева көчөлөрү, Төрт-Күл конушу), Пригородное (Серёгин, Дорожная, Широкая, 8-март, Марат, Береговая, Новая, Островский көчөлөрү), Ленин ("Бакай" базары тарабы, Восточная, Луговая, Алматы, Виноградная көчөлөрү жана кичи ГЭС тарабынын чыгыш бөлүгү), Бирлик (Крянов көчөсү), Заречное айылдарында аба электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: