super.kg logo

Жалал-Абадда айдоо аянттарына сугат сууну бөлүштүрүү үчүн канал курулууда

 

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айыл аймагында Эл аралык толеранттуулук үчүн фонду, БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин фонду жана эл менен биргеликте сугат суу кеткен каналга айдоо аянттарына суу бөлүп берүүчү тосмолор курулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, эми 5 чакырым жерден суу алынып келинип, 6 айылдын айдоо аянтын камсыз кылып турат. "Суу бөлүштүрүүчү тосмолор бузулуп калгандыктан, эл ар кандай нерселерди, таштарды, устундарды коюп сууну буруп пайдаланышкан. Жалпы 300 гектар айдоо аянты бар 6 айылга 6 суу бөлүштүрүүчү тосмо курулду",- деп билдирди Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жетекчиси Арстанбек Асанов.

Белгилей кетсек, каналды тазалоо, тосмолорду куруу иштерине жалпы 338 800 сом өлчөмүндө акча каражаты сарпталган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: