super.kg logo
  Спорт  

Мамлекеттик органдардын спартакиадасында бильярд боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

 

Бишкекте КРнын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасы уланууда. 45тен ашуун мекеменин 2000ге чукул кызматкеринин катышуусундагы биринчиликте бильярд спорту боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, анда КРнын күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында биринчиликти ӨКМнын кызматкерлери ээледи. Ал эми алдынкы үчтүккө өкмөттүн алдындагы Чек ара кызматы менен УКМКнын командасы кирди. КРнын күч түзүмдөрүнө кирбеген мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында КРнын Салык кызматы 1-орунду ээледи. 2-орунду КРнын Каттоо кызматы ээлесе, үчүнчүлүктү Каржы министрлиги багындырды. 

Кошумчалай кетсек, спартакиаданын программасында көпчүлүккө жеткиликтүү жана популярдуу делген 12 спорт түрү бар. Катышуучулар кол күрөш (армрестлинг), бильярд, волейбол, гиря спорту, дартс, кичи футбол, жеңил атлетика, стол үстүндөгү теннис, ок атуу, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартыш боюнча күч сынашат. Мелдеш мамлекеттик органдарда дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында уюшулууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.11.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салык кызматы алга. Кесиптештеримди жениши менен куттуктайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: