super.kg logo

Бишкекте академик Дүйшөн Маматкановдун 80 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат

 
12-ноябрда Бишкектеги Улуттук китепканада окумуштуу-гидролог, техника илиминин кандидаты, КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги Дүйшөн Маматкановдун 80 жылдыгына арналган "Кыргыз илиминин патриархы, элибиздин сыймыгы" аталышындагы китеп-иллюстрациялык көргөзмө ачылат. Аталган китепканадан билдиришкендей, көргөзмө эки бөлүккө бөлүнөт: "Бакыт эмгектен жаралат" жана "Бакыт даңкка жеткизет". Көргөзмөгө Д.Маматкановдун өмүр жолу тууралуу жазылган гезит-журналдардагы макалалар, окумуштуунун китептери, монографиялары, фотодокументтери коюлат. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук бирикмелердин, министрликтердин өкүлдөрү, илим жана маданият ишмерлери, Д.Маматкановдун туугандары, студенттер катышышат. 
Д.Маматкановдун калеминен 200дөн ашуун илимий эмгектер жаралган. Анын эмгектери өлкөдөгү гидроэнергетиканын өнүгүшүнө салым кошуп келет. Ал көптөгөн шакирттерди даярдап чыгарган. Анын жетектөөсү алдында 10 кандидаттык диссертация жана бир докторлук иш жакталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: